• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстанда элчилик ачуу ниетин кубаттады

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси (Ташкент шаарында жайгашуусу менен) Саид Матар Аль-Кемзини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Министр Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн Кыргызстанда өзүнүн элчилигин ачуу ниетин кубаттап, КРнын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде, лчи С.Аль-Кемзи кыргыз-эмират эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы учурунда кыргыз тараптын көрсөткөн колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Казакбаев элчи Аль-Кемзиге Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыктын жаңы деңгээлге чыгуусуна кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине албан ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий