• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым аймактарында 5 күнгө газ болбойт (тизме)

Коом 0

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында газ беш күнгө жок болот,-деп билдирет “Газропм Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы.

Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:

- 26-февралдан 2-мартка чейин Бишкек шаарынын Путепроводная, Т.Айтматов, Фрунзе, К.Датка, Ш.Баатыр көчөлөрүнүн; Чүй, К.Датка, Салиев, Лермонтов көчөлөрүнүн; Чүй, Лермонтов, Ленин, Калинин көчөлөрүнүн; Ленин, Лермонтов, Победа, Восточная көчөлөрүнүн; Ж.Жолу, К.Датка, Лермонтов, ЧЧК көчөлөрүнүн чектешкен аймагында; Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда, «Тянь-Шань Керамик» заводунда.

- 27-февралдан 1-мартка чейин Бишкек шаарынын Рыскулов, Фрунзе, М.Гвардия, Ала-Арча көчөлөрүнүн чектешкен аймагында.

- 1-2-мартта Бишкек шаарынын Орозбеков көч. №2/2 дарегинде.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий