• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Проблемалуу» кредитти эмне кылуу керек жана кредиттик таржымал деген эмне? Улуттук банктын жообу

Экономика 0

Кредит алуу – бул эң эле маанилүү чечим. Азыркы күндө кредит алган жарандардын саны өтө көп. Экономикада ар дайым кредит алуу, кредит берүү болуп келген жана дагы деле боло берет. Анткени мунун өзү рынок шартынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Албетте, алган кредиттер убагында кайтарылып берилип же кредит боюнча көйгөйлөр жаралбаса, ал максаттуу жана карыз алуучунун пайдасына жумшалган деп эсептелет. Ал эми кредит проблемалуу болуп калса кандай болот? Андан арылуу үчүн эмне кылыш керек?

Кредиттин түрлөрү жана кредит алуунун көйгөйлөрү кайдан чыгат деген суроого жооп берсеңиз.

Кредиттин негизги колдонулуп жаткан түрлөрүн белгилесек, бул

- кыймылсыз мүлккө, турак жай сатып алуу же куруу үчүн узак мөөнөттүү кредиттер;

- жеке адамдардын ар кандай муктаждыктарын канаттандыруу максатында берилүүчү кредиттер (мисалы, ар түрдү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, саякаттоого же дарыланууга, билим алууга ж.б. үчүн кредиттер);

- жеке ишкерлерге бизнести өнүктүрүү же өз ишин ачууга берилүүчү кредиттер.

Алардын ар бир түрү, мөөнөтү, пайыздык чени жана башка параметрлери боюнча өзгөчөлүктөргө ээ. Көп учурда, кардарлар сунушталып жаткан кредиттин шарттарын толук түшүнбөй эле, келишимге кол коюп берип коюшат. Ал эми кыйынчылыктар келип чыкканда, финансы-кредит уюмдардын иш-аракеттерине нааразычылыктарын билдиришип, кредитти төлөө шарттарынын оордугуна даттанышып, күрөөгө коюлган үйүн сактап калууга аракет көрө башташат.

Мындай көйгөйгө кабылбаш үчүн кандай чаралар колдонулат?

Кредит алуу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда, ар бир карыз алуучу кредиттик келишимдин шарттарын өз алдынча дыкат окуп чыгып, кредитти төлөө шарттарын ийне-жибине чейин эсептеп чыгышы керек, анткени кредит – бул дагы товар, анын өзүнүн наркы бар. Карыз алуучу кредит алуудан мурда, өзүнүн кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берип, өз укуктарын жана милдеттерин толук түшүнүп, төлөй албай калган күндө кандай жоопкерчилик тартаарын тактап билиши керек.

Карыз алуучу карыздан кантип кутулуу керектигин ойлоп, эсептөөгө тийиш. Бирок, турмушта ар кандай жагдайлар жаралат эмеспи. Ушуга байланыштуу карыз алуучу үчүн алтын эрежелер барбы?

Ар бир кредит алам деген жаран билүүгө тийиш болгон негизги бир нече маанилүү учурлар, же башкача айтканда, эрежелер бар. Биринчиден, кредит алууда банк менен кардар кредиттин максатын такташат, бул максаттар кредиттик келишимде так көрсөтүлөт. Алган кредитти дал ушул максатка гана жумшоо зарыл. Ал эми банк аны дайым текшерип турууга жана максаттуу пайдаланылышын талап кылууга укуктуу.

Экинчиден, бир кредитти алып, аны төлөп бүтө электе жаңы кредит алуу туура эмес. Сиз кредиттин үстүнө кредит алуу тууралуу чечим кабыл алган болсоңуз, жыйынтыгында эки эсе көп акча карыз болуп калышыңыз мүмкүн экенин билиңиз.

Жогоруда айтылгандай, үчүнчү негизги эреже – бул өз мүмкүнчүлүгүңүздү кылдаттык менен алдын ала эсептеп чыгыңыз, өзүңүздүн финансылык абалыңызды талдап, эгерде бир айлык төлөй турган кредиттин акчасы тапкан кирешеңиздин 30% түзө турган бизнес-планыңыз болсо, анда кредит алуу тууралуу чечим кабыл алсаңыз болот. Эгер эсептөөлөрдөн улам мындай ишенимдүүлүк жаралбаса, анда кредит алуудан мурда дагы бир жолу жакшылап ойлонуңуз.

Биринчи жолу кредит алууга ниеттенишкен кардарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Кредит алуудан мурда бир нече финансы-кредит уюмдарынын шарттарын изилдеп чыгып, салыштырып алган оң. Эгерде кредиттик келишим Сиз түшүнө албаган шарттарды камтыса, банктын жооптуу кызматкерлеринен түшүндүрүп берүүнү өтүнүңүз. Алар түшүндүрүп бергендиги үчүн, ортомчу катары Сизден кошумча акча алууга укуктары жок. Тиешелүү укуктук ченемдер бекитилгендиктен, кайсы болбосун банктык же микрофинансылык уюм болбосун, кызмат көрсөтүү учурунда маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздашы зарыл. Бул алардын бирден-бир жоопкерчилиги болуп саналат. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча комиссиялык төлөм, тарифтер жана пайыздык чендер керектөөчүлөр үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш. Маалыматтардын ачык-айкындуулугу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун негизги шарттарынын бири болгондуктан, ал коммерциялык же банктык сыр болушу мүмкүн эмес.

Кредитти алгандан кийинки талаптар кандай болот?

Кредиттик келишимге эки тарап кол коюп, карыз алуучуга кредит берилгенден кийин, банк берилген кредитти жана кардарды дайыма текшерип туруусу зарыл. Эгерде кредит боюнча төлөнгөн сумма жетиштүү болбой калса, эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң кредитордун чыгымдары төлөнөт, ал эми акырында калган бөлүгү пайыздарды жана туумдарды төлөөгө багытталат.

Карыз алуучу кандайдыр бир кыйынчылыктардан улам кредиттик келишимдин шарттарын аткара албай калган учурларда, бул кредит «проблемалуу» деп таанылат. Мындай учурларда банк кардар менен биргеликте, кредиттин кайтарылып алынышына багытталган, бир катар иш-чараларды камтыган аракеттердин планын иштеп чыгышы зарыл. Ал планда карыз алуучунун финансылык кризистен чыгуусуна жана анын банк алдындагы милдеттерин аткаруусуна өбөлгө түзгөн уюштуруучулук, финансылык жана жардам көрсөтүүнүн башка чаралары, проблеманы чечүү жолдору, мүмкүн болгон учурларда карыздардын түзүмүн өзгөртүү программасы (кредиттин ордун жабуу жана пайыздарды төлөө графигин иштеп чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү ж.б.) камтылууга тийиш.

Сиз айткан «проблемалуу» кредитти кантип кайтарууга болот?

Ар бир банк өз акча каражатын кайтарып алууга кызыкдар, ошондуктан карыз алуучунун кредиттик келишимди бузгандыгы, кредитти төлөө мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө билдирүүлөрдү өз учурунда жиберип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кепилдик берүүчүлөргө кайрылат жана мыйзамда каралган башка чараларды көрөт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» мыйзамына ылайык, күрөө – бул милдеттенмени камсыздоо ыкмасы. Эгерде карызгер өз милдеттенмесин аткарбаса же талапка ылайыксыз аткарса, кредитор өз талаптарын күрөөгө коюлган мүлктүн наркынын эсебинен канааттандырууга укуктуу. Эгерде, банктын жогоруда көрсөтүлгөн аракеттери ийгиликтүү натыйжаларга алып келбесе, банк карызды мажбурлап төлөттүрүп алуу максатында, сотко кайрылууга милдеттүү болот.

Биз банктын ишин текшерип чыктык. Ал эми кредит алып, бирок карыз алуучу тарабынан келишимдин шарттары аткарылбаганда, же кандайдыр бир жагдайлардан улам банктын алдындагы карызынан кутула албай жаткан жаран эмне кылышы керек?

Эң негизгиси, ортомчу издебей, түздөн-түз кредит алган банкыңыз менен сүйлөшүүгө барып, биргеликте кредитти кайтарууга багытталган аракеттерди көрүп, проблеманы чечүү жолдорун иштеп чыгуу зарыл (кредитти кайтаруу мөөнөтүн узартуу, пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдүн эки жакка ыңгайлуу жаңы графигин иштеп чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү ж.б.).

Банк менен жеке сүйлөшүүгө барып, өз учурунда кайрылсаңыз, ошондой эле, шарттарыңызды түшүндүрүп, финансылык жагдайыңызды талдап чыгып, канча убакытта карызыңызды төлөй тургаңызды билдирсеңиз, банк айып пулдарды кечиши мүмкүн.

Бирок, алган милдеттенмелерди белгиленген мөөнөттө дагы аткара албай калсаңыз, келишимдин шарттары боюнча кредитти, пайдаланганыңыз үчүн пайыздарды жана келишимди бузгандыгыңыз үчүн айып пул төлөп берүүгө милдеттүүсүз.

Белгилеп кетсек, кредиттин же насыянын жалпы колдонуу мөөнөтүнүн ичинде чегерилген үстөк айыптын өлчөмү (айыптар, туумдар) берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоосу тийиш.

Кредиттик таржымал. Кредиттик тарыжымалдын зарылдыгы эмнеде?

Кредиттик таржымал – бул карыз алуучу жөнүндө, анын мурда түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаргандыгы тууралуу маалыматтардын жыйындысы, ал кредиттик таржымалды түзүү, иштеп чыгуу жана сактоо кызматын көрсөткөн, ошондой эле кредиттик отчетторду берген жана тиешелүү кызматтарды көрсөткөн уюмдарда сакталат.

Кредиттик таржымал эмне үчүн түзүлөт? Финансы-кредит уюмдары өз ара потенциалдуу карыз алуучу жөнүндө так жана толук маалыматты топтоп, кредит берүү процессине кылдат мамиле кылуусуна шарт түзөт. Экинчиден, кредиттик таржымал карыз алуучунун жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна түрткү берет. Финансы-кредит уюмдарынын кардарлары жөнүндө ишенимдүү жана толук кредиттик таржымалды топтоо жана алмашуу системасынын болуусу кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүгө шарт түзүп, тиешелүү түрдө финансы-кредит системасынын туруктуулугуна таасирин тийгизет.

Кредиттик таржымалды оңдоого мүмкүнбү? Кредиттик таржымалды кайра жазып оңдоп коюу мүмкүн эмес, бирок жаңы алгылыктуу маалыматтар менен толуктап кредиттик таржымалдагы маалыматты өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Аз суммадагы кредит алып, өз убагында, же мөөнөтүнөн мурда төлөөгө болот, мында кредитти тариздөө учурунда так, толук маалымат берилиши зарыл, мурдагы кредиттер убагында төлөнбөй калган учурларда, себебин толук түшүндүрүү керек. Мындай иш-аракеттер сөзсүз түрдө оң таасирин берип, бара-бара акырындык менен Банктын ишенимине ээ болуп, ак ниет жана жоопкерчиликтүү карыз алуучу боло аласыз.

Кредитти төлөөдө объективдүү жагдайлардан улам жаралган көйгөйлөр (мисалы, жакындарын жоготуу, оору-сыркоо, банкрот) кредит боюнча төлөмдөрдү токтотууга себеп болбой тургандыгын эстен чыгарбаңыз. Кредитти төлөбөй коюуга болбойт. Тез арада банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредитти төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү, же башка бир шарттарын өзгөртүү боюнча өз ара макулдашууга келүү зарыл. Бүгүнкү күндө кредиттик таржымал көпчүлүк адамдар үчүн өтө маанилүү болуп саналат жана алардын турмушуна олуттуу таасирин тийгизет. Карызды убагында төлөй албай, Банк менен болгон мамилелерди бузуп алсаңыз, башка финансылык уюмдардын да жоопкерчиликсиз карыз алуучуларынын тизмесине кирип калып, кредиттик таржымалыңыздан улам финансы кызматтарынан колдоно албай калышыңыз мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий