• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери республикалык бюджеттин кирешеси 66,7 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 66,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, план 109,7 пайыз ашыгы менен аткарылды. Анын ичинде:

- Салыктык кирешелер - 53,8 млрд сом өлчөмүндө түшкөн. Такталган пландан 101,1%га ашыгы менен аткарылды;
- Салыктык эмес түшүүлөр - 11 млрд сомду түзүп, план183,2%га ашык аткарылды.
- Мамлекеттик инвестицияларды (ПГИ) эсепке алуу менен расмий трансферттердин түшүүлөрү 1,9 млрд сомду түзүп, пландын аткарылышы 119,2% болду.

Негизги бөлүктөр боюнча чыгымдардын структурасы:

- жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат бөлүгү боюнча 24,4 млрд сом;
- коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукка 13,1 млрд сом;
- экономикалык маселелер боюнча – 7, 1 млрд сом;
- айлана-чөйрөнү коргоого – 337,4 млн сом;
- турак жай жана коммуналдык кызматка – 908,8 млн сом.

Социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагы 33,5%ды, же 23,2 млрд сомду түздү. Алардын ичинен:

- саламаттык сактоого – 1,7 млрд сом, 2022-жылга салыштырмалуу 719,8 млн сомго көбөйүү менен;
- эс алуу, маданият, спорт жана дин тармагына – 1,3 млрд сом, 539,4 млн сомго көбөйүү менен;
- билим берүүгө – 15,2 млрд сом, 6 млрд сомго көбөйүү менен;
- социалдык коргоого – 4,9 млрд сом, 2022-жылга салыштырмалуу 1,2 млрд сомго көбөйүү менен болду.

Пикир

Оставить комментарий