• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жогорку соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери ишембиликке чыкты

Коом 0

Бишкек, 29.04.23./Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган судьялар жана аппарат кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.

Жогорку соттун жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы сейил багын жана соттун жанаша жайгашкан аймактарын тазалап чыгышты.

Мындан тышкары, ишембиликке жергиликтүү соттор дагы активдүү катышып, соттордун карамагындагы административдик имараттардын жанаша жайгашкан аймактарын санитардык тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий