• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Путин 2019-жылы Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Саясат 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Милан шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмуна (ЕККУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынын алкагында Кыргызстандын жана Россиянын ТИМ башчылары Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров жолугушкан. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

"Министрлер 2019-жылда Россия лидеринин Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары жана С.Лавровдун КРга болгон визити тууралуу талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун алкагында Айдарбеков менен Лавров кыргыз-россия кызматташтыгы боюнча бир топ маселелерди талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий