• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков Россия президентинин атайын өкүлү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар 2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылына карата даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жеңиш Разаков өлкөлөр ортосундагы достукка, союздаштыкка жана өз ара урматтоого негизделген кыргыз-орус алакасы жогорку деңгээлде экенин белгиледи. Ошондой эле 2020-жылы кайчылаш жылды өткөрүү жөнүндөгү демилгени колдогону үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

«Учурда аны өткөрүүгө активдүү даярдык көрүп жатабыз. Мен жетектеген, бардык тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери кирген атайын уюштуруу комитети түзүлүп, Кайчылаш жылдагы иш-чаралардын Планынын долбоору даярдалды. Көптөгөн маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралардан тышкары, Планга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын мааракелик иш-чараларына катышуусу, Тверск облусундагы салгылашууда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге эстеликти тургузуу камтылды», – деди Жениш Разаков.

Өз кезегинде Михаил Швыдкой Россия акыркы жылдарда биринчи жолу мурдагы постсоветтик өлкөлөрдөгү мамлекет менен кайчылаш жылды өткөрүүдө жана бул Кыргызстан Россия үчүн мааниси чоң, стратегиялык өнөктөш болуп саналаарынын далили экенин белгиледи.

Швыдкой Кыргызстанда төрөлүп, Россияда убактылуу иштеп, жарандык алгандар, дегеле жалпы эле кыргызстандыктар россиялык коомдун маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, Россия тарап бул масштабдуу долбоорду даярдоого жана өткөрүүгө чоң маани берип жатканын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 28-мартында Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекет башчылары тарабынан 2020-жылды Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын жана Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Кайчылаш жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий