• 88.68
  • 95
  • 0.95

Республикалык штаб: Коронавирустун жайылышын алдын алуу маселесинде күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында белгилегендей, республикада 5-мартка карата эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавируска кабылгандар жок. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Медициналык кызматкерлер, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде мониторинг жүргүзүшүп, дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышта болуп турушат.

Кыргыз Республикасына келген жактарды алдын ала текшерүү процедуралары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген эрежелерине ылайык жүрүүдө. «Манас» эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пункттарынын адистери иш-аракеттер алгоритмине ылайык иштеп жатышат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери паспортторду текшергенден кийин дарыгерлерге жаран эпидемиологиялык абал начар өлкөдөн келгени тууралуу билдирет. Мындай шартта дарыгерлер сурамжылоо баракчасын толтуруп, иш-аракеттер алгоритмине ылайык карантинге жөнөтүшөт.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, Саламаттык сактоо министрлигинин сунугштамаларына ылайык, республикада жакынкы арага пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чаралар токтотулду. Бул сунуштама менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жетекчилери таанышып чыккан.

Штабдын мүчөлөрү айрым жарандарды Кыргыз Республикасында коронавируска кабылгандар бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө жана социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырышты.

Ошондой эле штабдын жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматы, Саламаттык сактоо министрлиги жана башка кызматтар туш болгон жаңы жагдайлар талкууланды. Алар боюнча иш-аракеттердин жаңы алгоритми түзүлдү.

Мындан тышкары тармактык органдарга жарандар кайрылып, суроолор берип, кандайдыр бир фактылар тууралуу билдире турган түз байланыш ишин активдештирүү тапшырмалары берилди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде каттоо кызматына чет өлкөг чыгуу паспортторун берүү процедурасын тездетүү милдеттендирилди.

Штабдын мүчөлөрү жарандарга өздүк гигиенанын эрежелерин толук сактоону жана ата-энелер балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин эскертүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана оорунун алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий