• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык СПИД борборунун башчысы: ВИЧ менен ооруган адамдар COVID-19га каршы эмделе алат

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. ВИЧ менен ооруган адамдар эмделе алат жана муну жасашы керек деген эл аралык сунуштамалар бар. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ВИЧке чалдыккан адамдарды эмдөөнүн бир айырмасы бар: лимфоциттердин – иммунитет үчүн жооп берген клеткалардын өтө төмөн деңгээли – бир микролитрде 200 клеткадан аз. CD4 клеткаларына анализди СПИДге каршы күрөш борборлорунда акысыз тапшырса болот.

"Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан адамдар коронавирустук илдетке ыкчам тест тапшыра алышат. ПЧР тест тапшыруу үчүн алар СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча облустук борборлорго жана Республикалык СПИД борборуна кайрыла алышат, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен байланышта болгондор акысыз текшериле алышат", - деди ал.

Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдө жүргүзүлгөн байкоолорго ылайык, ВИЧ менен жашаган адамдарда бир же бир нече коштоочу оорусу болот, бул бейтаптар ВИЧ инфекциясы жок адамдарга салыштырмалуу COVID-19ду оор түрүндө көтөрүп, аларда өлүмгө дуушар болуу тобокелдиги жогору.

Пикир

Оставить комментарий