• 88.68
  • 95
  • 0.95

РФ президентин шайлоо. Кыргызстанда 4 добуш берүү тилкеси ачылат — дареги

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында Россия Федерациясынын президентин шайлоого добуш берүү 2024-жылы 17-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, РФ жарандары төмөнкү шайлоо тилкелеринде добуш берүүгө болот:

- № 8159 – Россиянын элчилиги (Бишкек шаары, Манас проспектиси 55);
- № 8162 – Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугу (Ош шаары, К.Бобулов көчөсү, 77);
- № 8160 – №20022 аскер бөлүгүнүн Маданият үйү (Кант шаары, Полевая көчөсү 10А/1);
- № 8161 – № 87366 аскер бөлүгүнүн клубу (Кара-кол шаары, Кой-Сары).

Шайлоого 18 жаштан өткөн Россиянын жарандары жогорудагы шайлоо участкаларынын бирине жеке өзү келгенде РФнын жарактуу чет элдик же ички паспортун көрсөтүп катыша алат.

Чет өлкөдөн онлайн добуш берүү мүмкүн болбой калат.

Россиянын элчилиги Кыргызстандын аймагындагы РФ жарандарын шайлоого келип, добуш берүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий