• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

РКӨФ Чүй облусундагы логистикалык борборду 55 млн сомго каржылады

Экономика 0

Бишкек, 07.09.2017 /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Чүй облусунун Москва районунда Ак-Суу айылында логистикалык борборуна 55 млн сом насыя бөлдү. Бул тууралуу Фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Берилген насыя даярдоо мезгилине сырье алууга жумшалат. Бул каражаттар 10%дык коюм менен 1 жылдык мөөнөткө берилди.

2016-жылы Фонд логистикалык борборго 1,5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү биринчи насыяны бөлгөн. Ал 4200 тонна жашылча сактоочу жайдын курулушуна багытталган.

Логистикалык борбор Кыргызстандын айыл чарба продукциясын, кайра иштетилген жана өндүрүлгөн продукцияларын экспорттоочу болуп саналат. Компаниянын негизги кардарлары – бул консервалык заводдор жана Чыгыш Европадагы, Борбор Азиядагы (Россия, Беларусия, Казакстан, Болгария, Польша, Сербия, Түркия) конвервалоо заводдору жана соода түйүндөрү.

Борбор Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын фермерлеринен айыл чарба продукциясын алууну пландап жатат.

Фонддун 2 жылдык ишинде 248 млн долларга 767 долбоор каржыланган. Алардын 31 долбоору ири бизнес, 736сы чакан жана орто бизнес.

Пикир

Оставить комментарий