• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Роналду ойногон “Манчестер Юнайтед” клубу “Ливерпулга” 5:0 эсебинде утулду

Спорт 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Англиянын футбол боюнча чемпионатынын тогузунчу турунда “Манчестер Юнайтед” менен “Ливерпуль” командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Манчестер шаарында өткөн беттеш 5:0 эсебинде “Ливерпулдун” жеңиши менен аяктады. Оюнда Наби Кейта, Диогу Жота жана Мохамед Салах (үч) гол киргизди.

Чемпионаттын турнирдик тизмесинде “Ливерпуль” 21 упай менен экинчи сапта, “Манчестер Юнайтед” 14 упай менен жетинчи катарга түшүп калды.

Пикир

Оставить комментарий