• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Роналду "Сампдория" командасына каршы оюнда 71 см бийиктикке секирип гол киргизди

Спорт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду "Сампдория" командасына каршы оюнда 71 см бийиктикке секирип гол киргизди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Футбол боюнча Италиянын биринчилигинин 17-турунда "Сампдория" командасы өз талаасында "Ювентус" клубун кабыл алган. Беттеш 2:1 эсебинде "Ювентустун" пайдасына чечилди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө Роналду көтөрүп берген топту жерден 71 см бийиктикке секирип башы менен сүзгөн тобу голго айланган.

Италиянын биринчилигинде Роналду 10 голу менен чабуулчулар тизмегинде экинчи орунга чыкты.


 

Пикир

Оставить комментарий