• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия Кыргызстанга коронавирусту текшерүүчү жабдыктарды берет

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. РФнын колдонуучулардын укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчө-өлкөлөрүнө коронавирусту аныктоо үчүн колдонулган каражаттарды берүүдө.

“Федералдык кызмат ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине жаңы 2019-nCoV коронавирустук инфекциянын кирүүсүнүн алдын алуу максатында колдоо катары лаборатордук текшерүү үчүн атайын каражаттарды берүүдө”, - деп айтылат ведомствонун сайтында.

Маалыматка ылайык, 1-2-февраль күндөрү Арменияга, Казакстанга, Беларусияга жана Өзбекстанга жаңы 2019-nCoV инфекциясын аныктоо үчүн россиялык тест-системалар берилген. Жакында Кыргызстан менен Тажикстанга жеткирүү күтүлүүдө.

РФ өкмөтүнүн колдоосу менен аталган федералдык кызматы тарабынан Евразиялык бирикмеге мүчө-өлкөлөргө тест-системаларды жеткирүү коңшу өлкөлөрдүн жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө потенциялын жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий