• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүй жана Талас облустарынын райондук жеке ветеринарлар бирикмелерине техникалык колдоо көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Чүй жана Талас облустарынын жеке ветеринарларынын 12 райондук бирикмесинин жетекчилеринин ар бирине 3500 АКШ долларын түзгөн компьютердик техника жана кеңсе эмеректери тапшырылды. Жабдууларды айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 2018-жылдын 30-майында салтанаттуу аземинде тапшырды. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мал доктурлардын ассоциациялары керектүү жабдыктарга ээ болушуна“Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоору көмөк көрсөттү.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин айтымында, бул колдоо ветеринардык адистердин ишмердүүлүгүн уюштурууга жакшы өбөлгө түзөт.

“Көрсөтүлгөн жардам айыл жергесинде иштеп жаткан жеке ветеринардык адистердин ишмердүүлүгүн уюштурууга, ветеринардык кызматтын коопсуздугун камсыздоого жакшы шарт түзөөрүнө ишенем”, дейт министр.

Буга чейин толук кандуу иштөөгө шарт жок болуп кыйналып келген жеке ветеринарлар эми өзүлөрүнүн жабдуусуна ээ болгонуна кубанычта экендигин Талас облусунун Манас районунун жеке ветеринарлар коомдук бирикмесинин төрагасы Тахир Курманалиев жашырган жок. “Коомдук бирикме болуп түзүлгөндөн бери мындай техникабыз жок болчу. Эң жөнөкөй электрондук дарек аркылуу кат жөнөтөөрдө ар кимдин компьютеринен кетирчүбүз. Долбоордун жардамы менен бардык керектүү жабдыктарга ээ болуп сүйүнүп турабыз. Жеке ветеринарлар үчүн абдан жакшы стимул болду. Эми калктын саламаттыгы үчүн дагы жакшы иштешибиз гана керек”, дейт ал.

Жеке ветеринарлар менен Ветеринардык палата тыгыз иш алып барып келет.“Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоору Чүй жана Талас облустарында (2015-2019-жылдары) ишке ашып жеке ветеринардык кызматтын потенциалын көтөрүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий