• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын Жол картасын ишке ашыруу боюнча эксперттик жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу менен президенттин Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев коммерциялык эмес уюмдар, илимий мекемелер жана жарандык коомдун активдүү бөлүгү аркылуу 2023-2027-жылдарга Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр жана Жол картасын аткаруучулар менен эксперттик жолугушууну уюштурду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун катышуучулары диалогдун ачык болушун ылайык көрүп, жол картасын ишке ашырууда биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Эксперттер министрликтер менен ведомстволордун ортосундагы координацияны жакшыртуу, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштөөнү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, милдеттерди сегменттерге бөлүп, ишке ашыруу боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда жооптуу мамлекеттик органдардын аянтчаларында максаттуу иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Катышуучулар донорлорго өлкөнүн тоо күн тартибин колдоо ниетин көрсөтүү үчүн Жол картасынын пункттарын мамлекет тарабынан каржылоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий