• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия мигранттарга мөөнөтү өткөн патент менен 15-июнга чейин иштөөгө уруксат берди

Дүйнө 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүктөрдүн патент, виза, миграциялык каттоо жана жумушка орношуу үчүн керектүү болгон башка документтеринин мөөнөтүн автоматтык түрдө 15-июнга чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 15-июнга чейин чет өлкөлүктөр мөөнөтү аяктаган документтери үчүн административдик жазага тартылбайт жана депортацияланбайт. Мындан тышкары мигранттарды жумушка кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот.

2019-жылы Москва шаарында эле чет өлкөлүк жарандарга 463,7 миң эмгек патенти берилип, калаа бюджетине 18,3 миллиард рубль түшкөн. Пантенттердин жарымы Өзбекстандын, 38% Тажикстандын жарандарына берилген.

Россияда ЕАЭБге мүчө Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.

Россия коронавирус пандемиясына байланыштуу май айына чейин эс алуу күндөрүн жарыялап, мамлекеттик мекемелер ишин токтотуп, карантиндик чаралар киргизилген. Бул жүз миңдеген мигранттарга көйгөй жаратып, миграциялык карта жана жашаган жери боюнча каттоо сыяктуу документтеринин мөөнөтүн узарта албай, Россиянын аймагында мыйзамсыз жүрүү коркунучуна кептелген.

Акыркы маалыматтар боюнча 750 миңдей кыргызстандык Россияда эмгек миграциясында жүрөт. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга он миң чамалуу мигрант кайтканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий