• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган кырсык. Ооруканадагы үч адамдын абалы айтылды

Коом 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган кырсыкта жабыркаган үч КР жаранынын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери жүрүшөт. Укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле кызматкерлер жабыркаган Кыргыз Республикасынын 3 жаранына барышты. Алардын абалы оң динамика менен туруктуу оор деп бааланып, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон.

КР президентинин тапшырмасы боюнча, Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө.

"Соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, өздүгүн тактоо жол-жобосу жүргүзүлүп, Россиянын тергөө органдарынан маркумдардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алынгандан кийин, Россия тарабы менен макулдашуу боюнча атайын рейс жакын арада Ульяновск шаарына учат", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги каза болгондордун жакындары менен байланышта.

Каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандарына маалымат берүү үчүн «ишеним телефондору» күнү-түнү иштөөдө: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги: +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp), КРнын РФдагы элчилиги: +7 (926) 861 50 98.

Пикир

Оставить комментарий