• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Париж Олимпиадасына спорттук экипировканын дизайнына сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт департаменти Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарында КР улуттук курама командасы үчүн параддык экипировканын дизайн концепциясын иштеп чыгуу боюнча сынак жарыялайт.

Департаменттин маалыматына караганда, сынакка профессионал гана эмес, жаш дизайнерлер, студенттер жана баардык каалоочулар катыша алат.

Сынак ачык өткөрүлүп, бардык дизайндар Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын социалдык баракчаларында добуш берүү үчүн жарыяланат.

Сынактын ар бир катышуучусу эскиздердин жыйнагы менен тапшырууга тийиш.

Визуалдык эскизде чагылдырылган олимпиадалык форманын ар бир жеке предмети колдонулган конструкциянын элементтеринин (буюмдун материалы, сүрөтү, жазуулары, оймо-чиймелери, түстөрү, конструкциялары, ж.б . тексттик документ түрүндө жазылып ар бир пункт өзүнчө белгиленүүсү абзел.

Арыздар 2024-жылдын 1-февралына чейин электрондук жана кагаз түрүндө Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17, Дене тарбия жана спорт департаменти дареги боюнча же press.sportgovkg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Департамент кошумча маалымат үчүн 0709615122 Айгерим Турдалиевага карылууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий