• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Иран киносунун күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.0.24. /Кабар/. 23-25-январь күндөрү Бишкек шаарында Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгү КР Кинематография департаменти менен биргеликте маданият жана кинематография тармагындагы кызматташтыктын алкагында өткөрөт.

"Бул күндөрү борбор калаанын тургундары 2017-2022-жылдар аралыгында тартылган Ирандын заманбап кинорежиссёрлорунун түрдүү жанрдагы, анын ичинде дүйнөлүк кинофестивалдарда бааланган тасмаларды көрө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 23-январда саат 14:00дө "Манас" кинотеатрынын чоң залында өтүп, "Үмүт периштеси" аттуу тасма тартууланат.

Министрлик иш-чаранын программасы боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий