• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандарды ишке орноштуруу жеке фирмалары көзөмөлгө алынат

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы жарандарды ишке орноштуруу боюнча жеке фирмалардын ишмердигин катуу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында ММКнын миграция саясатын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жарандарды чет жактарга ишке орноштурган жеке агенттиктер бар. Мамкызмат алардын ишмердигин көзөмөлдөйт. Жеке агенттиктер алардан лицензия алууга тийиш.

“Мамлекеттик миграция кызматы алардын мыйзамдуу документтери бар жогун текшерип, аларды ведомстволор аралык комиссияга берет. Ошентип аларга лицензия берилет. Уруксат алгандар бизге отчет берип, канча жаранды, кандай ишке орноштурганы боюнча тизмени берип турат. Көзөмөл жана мониторинг жүргүзүлөт”,-деди ал.

Ошондой эле, Бейшенов 2016-жылы ишке орноштуруу менен алектенген физикалык жана юридикалык тараптардын бузуулары орун алганын белгиледи. Бирок, ал бузууларды жана аларга көрүлгөн жазалар тууралуу айткан жок. “Бирок жаза бар”, - деп ишендирди бөлүм башчы.

Пикир

Оставить комментарий