• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда ууланган 12 кыргызстандыктын абалы жакшы - элчилик

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. “Оргэнергострой” институтунун Углегорск филиалында иштеген 12 кыргызстандык жумуш учурунда ууланышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Оргэнергострой" институтунун Углегорск филиалында иштеген Кыргызстандын жарандарынын (12 адам) массалык түрдө уулануу фактысы боюнча 2021-жылдын 7-майында Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин Канцеляриясынын консулу жана “Углегорск борбордук аймактык ооруканасынын” жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө медициналык мекеменин жетекчилиги КР жарандарына керектүү процедуралар өз убагында көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылганын тастыктады.

Учурда ооруканага жаткырылган жарандардын ден-соолугуна зыян келтире турган коркунуч жок болгондугуна байланыштуу үйлөрүнө чыгарылган.

Андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн бардык материалдар Углегорск шаарынын Прокуратурасына жана Сахалинск облусунун Роспотребнадзор башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Бул маселе КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий