• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Россиянын Самара облусунда жол кырсыгынан алты адам, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Самара облусунун ИИМнин маалыматына ылайык, кырсык 2023-жылдын 27-июнунда болжол менен саат 01:30дар чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn жана Hyundai Elantra үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

ЖМКлар белгилегендей, кырсыктын кесепетинен көз жумгандар болжол менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары болгон.

“Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai унаасынын кесепетинен болгон. Анткени унаа каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Elantra унаасынын айдоочусу жана төрт жүргүнчүсү, ошондой эле Honda Stepwgn унаасынын бир жүргүнчүсү жеринде көз жумган. Учурда сегиз адамга медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан каза болгон алты кишинин экөө Кыргызстандын жарандары болгон. Алар - 1992-жылы жана 1979-жылы туулган эркек жана аял.

Маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий