• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дүйнөлүк чыгармалар аткарылат. Опера жана балет театрынын артисттери ачык асман алдында концерт коет

Маданият 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 80 жылдык юбилейлик театралдык сезонунун жыйынтыктоочу гала-концерти болот.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, гала-концерт 30-июнда театрдын түштүк тарабында ачык асман алдында өтөт. Башталышы 19:00.

Ага опера жана балет сахнасынын чеберлери, академиялык хор жана театрдын симфониялык оркестри катышып, дүйнөлүк жана улуттук опера жана вокалдык классиканын чыгармалары аткарылат. Балет бийчилери классикалык жана заманбап хореографиянын номерлерин тартуулашат.

Дирижерлор - башкы дирижер Захар Бутенко, Урмат Тентимишов, Семетей Султанов. Концерттин режиссёру- Жыпара Ибраимова, башкы балетмейстери-КРнын Эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек, башкы хор чебери- КРнын Эл артисти Карагул Тиленчиев.

Пикир

Оставить комментарий