• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиялык ырчы Дима Билан музыкалык көзөмөл киргизүүнү сунуштады

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Россиялык ырчы Дима Билан Россияда музыкалык көзөмөл киргизүүнү сунуштап, бирок Россиянын Маданият министрлиги аны колдогон эмес. Бул тууралуу ВВС'нин орус кызматы жазат.

Ырчы эстрадада баардык эле нерсеге жол бере бербеш үчүн Россияда музыканын сапатын баалай турган бир структураны түзүүнү сунуштаган.

"Батыш музыкасында бир башаламандык болуп жатат. Эгерде биздин өлкөнүн салттарын карманууга боло турган болсо, баарына жол бере бербегендей кылып бир чек коюу керек чыгар. Мунун баарын карай турган түзүм керек. Мен баарына ачык болгонум менен азыр аша чапкандык болуп жатат", - дейт ырчы.

Кийинчерээк ага РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты Борис Чернышов ачык кат жазып, анын оюна кайчы пикирин айткан.

"Сиздин тигил же бул музыкалык чыгарманын сапатын баалай турган атайын структура түзүү идеяңыз совет мезгилиндеги жүздөгөн ыр, бийлерди жаратпай койгон көркөм кеңештерди эске салат", - деп катта жазылганын "Москва" агенттиги келтирет.

Артисттин идеясын Маданият министрлиги да колдогон эмес. Алардын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө "элге чыгарууга уруксат берүү үчүн чыгармаларды алдын ала кароо цензуранын бир түрү болуп эсептелет" деп айтылат.

Пикир

Оставить комментарий