• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиялык жогорку кызматтагы чиновниктер Кыргызстанга келип кетишти

Саясат 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 1-орун басары Сергей Кириенко жана коргоо министри Сергей Шойгу эки өлкөнүн кызматташуусун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга келип кетишти. Бул тууралуу 10-майда КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов билдирген.

“Кыргызстан жана Россия стратегиялык өнөктөштөр, өлкөлөрдүн ортосунда кызматташуунун жана долбоорлордун көп багыттары бар. Бул сапарлар ушул кызматташууларды ишке ашыруу максатында жасалды”, - деди Алмаз Үсөнов.

Чиновниктер Кыргызстанга 5-6-майда келишкен.

Булагы АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий