• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түштүк Кореянын жаңы президенти Мун Чжэ Ин болду

Дүйнө 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Түштүк Кореянын жаңы президенти кызматына кечээ өткөн шайлоолордо 41,08% добуш алып, БШКнын шаршемби күндөгү чечими менен расмий түрдө Мун Чжэ Ин киришти.

БШК сайтында жарыяланган маалыматтар боюнча, Түштүк Кореянын Демократиялык партиясынан чыккан 64 жаштагы Мун Чжэ Ин үчүн 13,4 миллион шайлоочу добуш берген.

Эркин Кореянын консервативдик партиясынын өкүлү Хон Чжун Пхё 24,03% добуш алса, Элдик партиянын талапкери Ан Чхоль Су 21,41% добуш алган.

Учурдагы шайлоолор ири коррупциялык чууга аралашкан мурдагы президент Пак Кын Хе бийликтен четтетилген соң мөөнөтүнөн эрте өткөрүлгөн.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий