• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Казакбаев ЕБнын БА боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоодо тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо максатында жакынкы келечектеги келишимдерди жана пландарды ырааттуу ишке ашыруу ниетин ырасташты.

Бул биринчи кезекте пландаштырылган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чаралар, жолугушуулар, сапарлар.

Мындан тышкары, тараптар Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуга даярдыкты талкуулашты.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар регионалдык саясат жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий