• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Франциянын экономика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бир күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Франциянын "Electricite de France" (EDF) компаниясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер-Поль Антониссэнс жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, башкы маселе эки өлкөнүн ортосундагы энергетика тармагындагы экономикалык кызматташтыкты талкуулоо болду.

Тараптардын Кыргызстандын аймагында EDF компаниясынын катышуусу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиги баса белгиленип, бул багыттагы мындан аркы кадамдар талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенишүүнү жана Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду активдештирүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иш алып барууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий