• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамкатчы менен "Донфанг Электрик Групп" корпорациясынын вице-президенти жашыл энергетика тармагында кызматташууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 30.06.23./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Сычуань провинциясынын Чэнду шаарындагы "Донфанг Электрик Групп" корпорациясынын вице-президенти Сунь Гоцзюнь менен жолугушту.

Вице-президент Сунь Гоцзюнь Кыргыз Республикасы менен жашыл энергетика тармагында кызматташуунун келечегин белгилеп, энергетикалык долбоорлорго катышууга кызыгуусун билдирди.

Ал компаниянын Үч-Коргон ГЭСинин долбоорун ишке ашырууга ийгиликтүү катышкандыгы тууралуу айтып берди, ошондой эле "Камбар-Ата 1"долбоорун ишке ашырууга катышуу ниетин билдирди.

Сунь Гоцзюнь корпорация жашыл энергетика тармагында технологияларды жана сапаттуу продукция менен камсыз кылууга, электр энергиясын үнөмдөө боюнча жаңы технологияларды берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде мамлекеттик катчы Кыргызстандын энергетикалык потенциалы, жашыл экономика принциптерин эске алуу менен өлкөдө энергия үнөмдөөчү жаңы технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстанда чет элдик инвесторлор, анын ичинде кытайлык компаниялар үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий