• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касмамбетов Сычуань провинциясынын губернатору Хуан Цян менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 30.06.23./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Чэнду шаарында провинциялык партиялык комитеттин катчысынын орун басары - Сычуань провинциясынын губернатору Хуан Цян менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Сычуань провинциясынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Мамлекеттик катчы 19- Батыш Кытай эл аралык көргөзмөсүнүн ийгиликтүү ачылышы менен куттуктап, өз ара саясий ишенимдин жогорку деңгээли Кыргызстан менен Кытайдын, анын ичинде Сычуань провинциясы менен ар тараптуу өз ара аракеттенишүүгө сонун мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттарды баса белгилеп, экономика жана соода, айыл чарба жана энергетика, билим берүү жана маданият, туризм, почта кызматтары, Чэнду жана Бишкек шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз авиа жана жүк каттамдарын ачуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн потенциалын белгиледи.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын Кытай провинциялары менен Кыргызстандын аймактарынын жаңы боордош байланыштарын түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ошону менен бирге мамлекеттик катчы машина куруу, жогорку индустрия, энергетика жана логистика жаатындагы инновациялык технологиялар тармагында квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргызстандык студенттер үчүн стипендиялык программа маселесин иштеп чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде Хуан Цян кыргыз делегациясынын 19-Батыш Кытай эл аралык көргөзмөсүнө катышуусун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жакында КЭРге болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кол койгон жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияны иш жүзүндө ишке ашыруунун башталышы катары баалады.

Губернатор Сычуань азыркы учурда экономикалык көрсөткүчтөр, илимди жана жаңы технологияларды өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык мультимодалдык чечимдер боюнча КЭРдин алдыңкы провинцияларынын бири экенин белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Сычуань маданий жана туристтик ресурстарга ээ болгон ири керектөө рыногу катары уникалдуу артыкчылыктарга ээ.

Кыргызстан менен Сычуань провинциясынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана практикалык ишке ашырууну тереңдетүү максатында тараптар Сычуань провинциясында Кыргызстандын өкүлчүлүгүн ачуунун максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий