• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Рыскелди Момбеков: “Кыргызстанда сөз эркиндиги дайыма болгон жана боло берет, бирок ал чектен ашпашы керек”

Саясат 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кыргызстанда сөз эркиндиги дайыма болуп келген жана боло берет, бирок ал чектен ашпашы керек. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

“Өлкөдө сөз эркиндиги бардык чегинен ашып кетти. Сөз эркиндигине жамынып алышып, ар кандай саясат жүргүзүшүүдө. Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болгон жана боло берет. Бүгүнкү күндө ЖМКлар сөз эркиндигинин базалык принциптеринен ажырап кетти. Ошондуктан биз ушундай абалга жеттик. Ар бир адам сөз эркиндиги болгон жерде жоопкерчилик дагы болорун түшүнүшү керек. Ал эми биз сөз эркиндигин таптакыр башкача кабыл алып, башка өңүттө колдонуп жатабыз. Ар бир адамда абийир, адамкерчилик, эң негизгиси – жоопкерчилик болуш керек. Биз жоопкерчиликти сезбестен, адамкерчиликти издеп жатабыз. Бул туура эмес”,-деди депутат.

Ошондой эле, ал сөз эркиндиги элде болуш керек, ал эми бүгүнкү күндө бардык ЖМКлар бай адамдарга тиешелүү деп белгиледи. “Ушундай шартта биз кайсыл сөз эркиндиги тууралуу айтабыз?”,-деди Р.Момбеков.

Пикир

Оставить комментарий