• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үсөнбаев: Республикалык штабдын кызматкерлери коронавируска анализ тапшырып турушат

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын кызматкерлери байма-бай коронавируска ПЦР-анализ тапшырып турушат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, алар учурдагы кырдаалга байланыштуу көптөгөн объекттерди кыдырат.

"Текшерүү жана уюштуруу иштерине байланыштуу объекттерге барабыз. Ошондуктан Республикалык ыкчам штабдын кызматкерлери сөзсүз түрдө коронавируска анализ тапшырып турушат", - деп кабарлады ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-майда Кыргызстанда 7 адамда коронавирус аныкталып, өлкө боюнча коронавирустук инфекция жуктуруунун 1 миң 44 учуру катталды.

Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий