• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сөз куржуну: бубак, даңса, жааразак, жөнтөк, камбыл сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

  • Алмустактан бери – байыртадан, атам замандан, илгертеден, мурунтан бери. Алмустактан бери келе жаткан ата наркыбыз ага жол бербейт (Мелис Абакиров). Байымбет тээ алмустактан берки кыргыздардын түп жаралышынан эсептеген (Шүкүрбек Бейшеналиев). Алмустактан бери адамдын баары ак шейшепте төрөлгөн беле (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Асиресе – айрыкча, бөтөнчө, көбүнчө. Борбордун калкы, асиресе, маданий чөйрөлөр кыргыз комузу менен тааныш (Касым Каимов).
  • Берен – 1. Алгыр, кыраан бүркүттүн бир түрү. Мүнүшкөр таптан айныса, мурунтан алгыр жаш берен, далбага келбейт үндөсө (Жоомарт Бөкөнбаев). 2. Баатыр, эр, каарман. Берен Манас кылычты, белине бекем чалыптыр (“Манас” эпосу). 3. Акылман, кыраакы. Берен катын Кенжеке, сырттанына ошондо, берген экен аманат (“Эр Төштүк” эпосу). 4. Кээде какшык түрүндө уятсыз, ар нерсеге суктук, бетсиздик менен кол суна берген кишиге карата колдонулат.
  • Бубак – тумандуу суукта кыроо сыяктуу түшкөн үлпүлдөк жука кар. Мурутуна муз катып, Бубакка тоңгон сакалы (Жоомарт Бөкөнбаев).
  • Даңса – 1. Тизме кагаз, каттоо кагазы. Атаңды Манас койгондо, ааламга дайын болгондо, Орто Бээжин Эсен кан даңсасына чийилген (“Манас” эпосу). 2. Кытайдын түпкү мыйзамы. Манжуу каны Нескара артык баатыр дагы бар, чоң даңсада каты бар (“Манас” эпосу). 3. Казанды же бозону аралаштыруу үчүн колдонуучу калакча (диалект). 4. Даңаза (диалект).
  • Жааразак – белгисиз, күмөндүү. Кел жээним, эми дагы качан менин колуман наар сызаарың жааразак, ичип кой (Кубатбек Жусубалиев).
  • Жөнтөк – бейбаш эмес, жоош, момун, тентектиги жок. Эркегиң жөнтөк, кызың ойсоңдогон тентек болчу (Түгөлбай Сыдыкбеков). Жашымда болсом керек өтө тентек, ыйлашты, ойноп өскөн далай жөнтөк (Аалы Токомбаев).
  • Зарла – кайгы-муңун, арыз-арманын айтуу, ички дартын, зардуу ой-тилегин билдирип кейүү, зарыла муңканып өтүнүү. А болбосо айтчы жаным, эмне үчүн, зарлап тапкан перзентимдей көрөмүн (Омор Султанов). Карайган дарак чарбагым, карааның көрбөй зарладым (Токтогул Сатылганов). Зарлап жүрүп карыганда көргөн жалгыз балаңыз (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Ийрек – 1. Терини өңдөөгө ылайыкталып жасалган орокко окшош, мизи мокок курал. Түшкөн экен колунан, кемпирдин темир ийреги (Тоголок Молдо). 2. Ийрелеңдеген ийри, ийри-буйру. Орусбек Кара-Күңгөйдүн адырын ийрек-ийрек сызыктар менен белгилеп, кой кашардын ордуна кичине төрт бурч койду (Түгөлбай Сыдыкбеков). 3. Кол өнөрчүлүктө терини иштетүүдө эки башы жумуру жыгачтан сапталып (50-60 см), ортосунда быдырлуу тиши бар аспап.
  • Кабылан – 1. Жолборс, илбирс, арстан сыяктуу жырткыч айбандардын жалпы аты. Кайыңга келип карчыга түлөйт, булакка келип кабылан түнөйт (Алыкул Осмонов). 2. Эпостук чыгармаларда баатырларга колдонулуучу эпитет. Айтылуу Жаңыл кабылан, ажыдаарга кабылды (Тоголок Молдо).
  • Каркай – аркайган, аркайып чыгып турган көрүнүштө болуу. Кара зоолор ар кай жерде каркайып, катарлашып калың тартып заңкаят (Алыкул Осмонов). Мүйүзү каркайган тоо теке кулап келип, койчунун тушуна жатып калды (Саткын Сасыкбаев).
  • Камбыл – 1. Сарамжалдуу, ар нерсеге камы бар, даярдык көрүп, камынып койгон. Жанболоттун атасы камбыл киши болучу (Смар Шимеев). Бурма оокатка камбыл, шайыр киши (Жоомарт Бөкөнбаев). 2. Шамдагай, ар нерсеге маш, машыккан, чыйрак. Чаң көзүнө толо элек, чабышка камбыл боло элек (“Манас” эпосу). Найзага камбыл маш болгун, Төштүк! (“Эр Төштүк” эпосу).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.

Пикир

Оставить комментарий