• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С.Жээнбековдун Өкмөтү региондорду өнүктүрүү боюнча жаңы концепцияны иштеп чыкты

Саясат 0

Бардык эле өлкөлөрдө болгон сыяктуу, Кыргызстанда да, ар бир аймак өзүнүн климаттык шарты, социалдык-экономикалык абалы, калктын жашоо деңгээли менен айырмаланып турат. Аймактык субъекттердин бирдей өнүкпөй жатканынын себеби мына ошол - табигый дисбаланста. Бул айырмачылыктар бүтүндөй өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Мисалга алсак, республика калкынын жарымынан көбү түштүк жергесинде жашайт. Бирок ошого карабастан, бул аймактын экономикага кошкон салымы ИДПнын 30% гана түзөт. Түндүк регионунда Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан өнөр жай, тейлөө кызматы, туризм ж.б. тармактар жакшы өнүккөндүктөн, ИДП 60%ды түзөт. Дал ушул үч аймак салыктардан түшкөн киреше менен мамлекеттик бюджеттин олуттуу бөлүгүн камсыз кылат. Ал эми түшкөн каражаттар «күчтүүаймак күчсүздү колдойт» деген принцип менен бөлүштүрүлөт. Экономисттер азыртадан эле негизги фонддорду жасалма деградациялоо тажрыйбасын колдонуу жөнүндө кеп кыла баштады. Бул субъект-лидердин өз камылгасы үчүн тапкан акчасы аутсайдердин бюджетине түшөт дегенди түшүндүрөт.

Өнүкпөй аткан аймактарга мамлекет дайыма финансылык каражат бөлүп берип, «түзөтүү» саясатын жүргүзгөнү, аймактардын өз алдынча өнүгүүсүнө, башка жактан инвестиция тартып, жеөз бюджети менен өзүнүнкөйгөйлөрүн чечүүсүнө тоскоолдук кылып келет. Аймактык субъекттер болсо жакшы башкарылбай, жүргүзүлүп жаткан инвестиция саясатытакыр натыйжа бербей, инфраструктура алда канча төмөндөп,облустук борборлорго аккан миграция негизги көйгөйгө айланып, социалдык жардамдын төмөндүгүнөн, кылмыштуулуктун саны өсүп кеткен.

2009-жылдан бери, Кыргызстанда, жетишкен аймактардын өнүгүү системасын куруу боюнча үч ирет аракет жасалган. Территориалдык саясатты өнүктүрүү иши атайы түзүлгөн аймактык өнүгүү агенттиктерине жүктөлгөн. Бирок көп өтпөй эле бул агенттиктер кыскарып кеткен. Өткөн жылы, март айында, качан гана өкмөт аймактык өнүгүүнүн таптакыр жаңы моделин бекиткенде, ийгиликтер башталды. Б.а. С.Жээнбековдун өкмөтү 2017-2020-жылдардын мезгилине КР региондук саясатынын концепциясын иштеп чыгып, иш жүзүнө ашыра баштады.

Өкмөт башчы шаарларды, айыл-кыштактарды жакшыртуу, сапаттуу тейлөө кызматтарын сунуу, сугат системасын жөнгө салуу, түшүмдүүлүктү өстүрүү сыяктуу көптөгөн маселелерге өзгөчө көңүл бура баштады.

«Мамлекеттин экономикалык жана социалдык тармактарын өнүктүрүү боюнча бекитилген концепциялар кагаз жүзүндө калтыруу үчүн жасалган жок. Өкмөттүн бардык күчү аларды жүзөгө ашыруу үчүн финансылык каражат издөөгө багытталат», -деди С.Жээнбеков. Мындан сырткары өкмөт башчысы, кызматкерлерден региондук субъекттер боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы көз караш менен карап, чыгармачылык менен мамиле кылууну талап кылды.

Региондук өнүгүү концепциясы туурасында айткан сөзүндө, С.Жээнбеков, долбоорду иштеп чыгуу үчүн өлкөнүн шаарларында жана райондорунда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, коомдук уюмдардынөкүлдөрү жана эксперттер менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн,концепциянын долбоору региондордун мүмкүнчүлүктөрүн жана талаптарын эске алуу менен иштелип чыкканын белгиледи.

Экономика министринин орун басары жана долбоорду иштеп чыккандардан бири,Данияр Иманалиевдин айтымында, концепцияда«чемпион аймактарды колдоо» эл аралык ыкмасы пайдаланылган. «Бул ыкма–жакын жайгашкан аймактагыларды артынан ээрчитип, өнүктүрүп кете ала турган ийгиликтүү региондорго инвестиция алып келүүнү ичине камтыйт. Бул ыкма менен биз бирдиктүү региондук экономикалык аймакты түзө алабыз»,-деп билдиретИманалиев.

Концепция алкагында экономикалык аймактардын борбору – облустук борборлор болот. Концепция боюнча чемпион болууга мүмкүнчүлүгү бар деген 20 шаар аныкталган. Алар - Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата. Бул аймактар өзгөчө критерийлер менен тандалган. Алар - региондун географиялык (тышкы жана ички рынокко жакын болушу),ресурстук (социалдык тейлөө жана эс алуу), инфраструктуралык (жол жана аба жолу кыймылы,ташуу, электрлештирүү),экономикалык мүмкүнчүлүктөрү (өнөр-жай өндүрүшү) жанакоопсуздугу.

«Региондорго негизги кирешени айыл чарба жана мал чарбачылыгы алып келет.Ошондуктан, өкмөт ар бир райондо айыл чарба азыктарын өстүрүү, өндүрүү жана иштетүү жана эт өндүрүү жана иштетүү боюнчаресурстарды изилдеп, ишканалардын дараметин, жайгашкан жерин талдап чыкты. Маселен, эт азыгын даярдап жана сактоо үчүн өлкө боюнча 45 союш цехи керек», - дейтминистрдин орун басары Д.Иманалиев.

Жогоруда айтылган, ийгиликке жетишкен лидерлерди тандап алуу ыкмасыкалган шаарлардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбейт. Анткени, калган шаарларды 150 км алыстыкта жайгашкан борбордук шаарлар өздөрүнүн канаттарынын алдына алат. Б.а. мындай аралыкта жашаган ар бир айыл тургуну өзүнө жакын шаарга келип, бардык керектүү кызматтардан пайдалана алат.

Эгерде компетенттүү жана кесипкөй башкаруучу болбосо, табигый жана экономикалык резервдер шаарды гүлдөтүп жибербейт. Ошондуктан, улуттук деңгээлдеги долбоорлорду жана мамлекеттик кызматтарды жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ишке ашырат. Ал эми жеке ишканаларды ачуу жана жумушчу ордун түзүү иши – ишкерлерге жүктөлөт. Айта кетчү нерсе, бул долбоор белгилүү убакыт ичинде бүтүрүлсүн деп жазылган окшош иш-чаралардын тизмеги эмес. Бул шаарлардын кирешесин, чыгашасын эске алуу менен даярдалган заманбап иш пландоосу (б.а. премьер талап кылган, жаңы инновациялык мамиле) болуп саналат.Бул боюнча өкмөткө биринчи этапта, 6 шаар өздөрүнүн иш-пландарын даярдашат. Алар: Каракол, Нарын Талас, Ош,Жалал-Абад, Баткен шаарлары.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, бул концепция башка программалар үчүн да негизги ыкма болуп калышы керектигин айтат.Айрыкча, энергетика, өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча, шаар жана айылдар үчүн башкы пландарды түзүүдө, о.э. «Таза коом» санариптик программасын иштеп чыгуудабаза катары алынышы керектигин белгилейт.

Ал эми инвесторлор үчүн бул концепция жол картасы болуп калмакчы.Иш-чаралардын баштапкы мезгилинде министрлер кабинети инвестиция боюнча жардам көрсөтүп турат.Бүгүнкү күндө Каракол жана Жалал-Абад шаарлары өздөрүнүн иш-пландарын тапшырды. Эми бул иш-пландары Кыргыз-орус өнүгүү фондуна сунуш кылынат.Ошол эле учурда,Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн Европа Биримдиги 11 млн. евро бөлүп бергенин да белгилей кетүү керек.

Ошентип, учурдагы өкмөт мурунку региондук саясатты түп тамыры менен өзгөртүп жатат. Азыр эми аутсайдер субъекттерди жасалма жол менен колдоо иши реалдуулукка жатпай калды.Анткени, Сооронбай Жээнбековдун командасы үчүн «күчтүү регион – күчтүү мамлекеттин негизин түзөт».

Пикир

Оставить комментарий