• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен тоодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялады

Президент 0

Бишкек, 24.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы расмий баракчасына кичи мекенинде түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

“Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык”, - деп жазган мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

Кечээ ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Facebook`тагы баракчасында Садыр Жапаров менен Каркыра жайлоосунда эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшкөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-июлда президент Садыр Жапаров Каркыра жайлоосунда өткөн Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышкан.

Пикир

Оставить комментарий