• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров: Кыргызстан КМШга төрагалыгынын алкагында Уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошуу милдетин койгон

Президент 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. "Өзүнүн төрагалыгынын алкагында Кыргызстан Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Шериктештиктин мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө, чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө-мамлекеттерди активдүү тартууга салым кошуу милдетин койгон", - деп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин төрагасы, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан КМШ МБК жыйынынын кеңейтилген форматында сүйлөп жатып, белгиледи.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы чакан форматта катышуучулар КМШ алкагында өз ара аракеттенүү, Шериктештиктин потенциалын мындан ары чыңдоонун пландары жана келечеги тууралуу пикир алмашканын айтты.

"Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын ушул жылдагы төрагалыгынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин биринчи жыйынын өткөрүп жатабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын КМШ органдарына төрагалык кылуу мезгилиндеги натыйжалуу иши жана колдоосу үчүн теңтөрагалар катары Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясына ыраазычылык билдире кетейин.

2023-жылдын 1-январынан тартып КМШда Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын башталышы менен Шериктештик КМШнын башкы катчысы жаңы сапатка ээ болду, бул Шериктештиктин аткаруу органынын жетекчисинин кызмат ордунун статусун жогорулатууда мааниге ээ, аны биз чакан форматта КМШнын Аткаруу комитети жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду кабыл алуу жана КМШ органдарынын чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен актуалдаштырууну макулдаштык", - деди Садыр Жапаров.

Президент биргелешкен иштин аркасында экономика жаатындагы стратегиялык милдеттерди чечүү үчүн ушул жылдын июнь айында Сочиде КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинде кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, ишмердүүлүктү уюштуруу жана инвестицияларды ишке ашыруу жөнүндө Макулдашууга кол коюлганын белгиледи. “Бул багытта аткарылган иштер үчүн тараптарга, эксперттерге жана Аткаруу комитетине ыраазычылык билдирем. Мен бул Макулдашууну абдан маанилүү деп эсептейм жана анын Кыргызстан Уюмга төрагалык кылган мезгилде кабыл алынганы биз үчүн жагымдуу болду”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал жыйындын катышуучуларына кыргыз тараптын демилгелерин колдогондугу жана Кыргызстандын төрагалыгынын алкагындагы иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы чакан форматтагы жыйындын жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын 1-январынан тартып КМШда төрагалык Россия Федерациясына өткөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганын белгиледи.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттердин шериктештигин өнүктүрүүгө, достукту, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди КМШнын Ардак белгиси менен сыйлоону кыргыз тарап демилгелеп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий