• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Сауд Аравиянын мураскер ханзадасы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жидда шаарында Сауд Аравия Падышалыгынын мураскер ханзадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Сауд Аравия Падышалыгынын мураскер ханзадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд мамлекет башчысы менен саламдашып, Сауд Аравиясынын мындан ары эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүгө жаңы дем берүүгө даярдыгын белгиледи.

Ал өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурду.

Мухаммад бин Салман Аль Сауд эки өлкөнүн өз ара пайдасына жетишүүгө багытталган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди.

Мураскер ханзаада соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдо бар потенциалды оңунан белгилеп, бул контекстте Кыргызстан менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы ишкер байланыштарды кеңейтүү боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын айтты.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров "Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Саудга жылуу саламын жолдоду.

Мамлекет башчысы ишеним жана достук маанайда айтылган өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттарында биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди. Садыр Жапаров ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө ар кыл тармактарда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сауд Аравия Падышалыгынын мураскер ханзадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Саудду өзүнө ыңгайлуу каалаган мезгилде Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий