• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты

Президент 0


Бишкек, 17.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысына аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы имаратынын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 га. "Талас" аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн. Долбоордун алкагында аэровокзалдын имараты өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 авиажүргүнчүлөрдү тейлөөгө эсептелген. Курулушту 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жаңы аэровокзалда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап коопсуздук жана көзөмөл системасы орнотулат. Учуу-конуу тилкеси боюнча - аэродромдун эски жасалма катмарынын авариялык участокторун демонтаждоо боюнча иштер аяктады жана авариялык участоктордун асфальт-бетон иштери башталды.

"Аэропортторду модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу бул жаатта жана жалпы өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Кыргызстанда туристтерди өзүнө тартып турган табигый кооз жерлер көп. Ошондуктан кыргыздардын меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүү маанилүү, ал эми бул нерсе аэропорттордон башталаары белгилүү. Ошондуктан эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Биз өлкө боюнча ички каттамдарды калыбына келтирип, бардык аэропортторду ишке киргизүүнү көздөп жатабыз", - деди Президент.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысынын демилгеси менен Кыргызстанда аймактардагы аэропортторду модернизациялоо жана ички каттамдарды калыбына келтирүү башталды.

Таанышуу учурунда президент жарандык авиациянын бардык эл аралык талаптарына шайкеш келишинин маанилүүлүгүн белгилеп, аэропортту модернизациялоо боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн колдо болгон ресурстарды мобилизациялоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий