• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү

Президент 0

Бишкек, 21.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Facebook'тагы баракчасы аркылуу өлкөдө тик учактардын саны дагы бирге көбөйгөнүн билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы Россия тарап Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагын берген экен. Албетте, Россиянын мындай белегине ыраазычылык билдирилип, тик учак өлкөнүн ар кандай муктаждыктарында пайдаланылат.

"Бирок, тилекке каршы, аталган тик учак туура бир жылдан кийин, 2017-жылы бузулуп, ошол бойдон ушу кезге чейин ар кандай себептер менен ремонттолбой туруп калат.

Биз жаңы тик учактарды алгандан сырткары, колдо барларын оңдоп-түзөп, мамлекеттин муктаждыктарына колдонууга аракет кылып келебиз.

Ошол жарактан чыгып, 6 жылдан бери пайдаланылбай туруп калган тик учакты дагы адистерге көрсөтүп, ремонттосо боло тургандыгын аныктагандан кийин, Беларусь Республикасынын лидеринин көмөгү астында адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учагыбызды ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрүп келдик.

Ошентип, тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү.

Буга байланыштуу мен Беларустун Президенти Александр Лукашенкого өтүнүчүбүздү дароо кабыл алып, канааттандыргандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдире кетейин", - деп жазды президент.

Мамлекет башчынын айтымында, тик учактын сапаттуу жасалышын президент Лукашенко өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматкерлерге катуу табыштаганын айткан.

"Чындыгында эле беларустук адистер ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүнкү Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти.

Беларусь лидери кесиптешим Александр Григорьевич Лукашенкого дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Кудай буюрса, бул тик учагыбыз дагы өлкөбүздүн кызыкчылыгына көп-көп кызмат кылат деп ишенем", - деп белгилеген өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий