• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров: Ысык-Көлдүн экологиялык абалын изилдөө колго алынат

Президент 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн экологиялык абалына изилдөө, мониторинг жүргүзүү боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы окумуштуулар жана эксперттер менен кызматташуу колго алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы экологиялык шаардын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Асман акылдуу шаарын курууда эң ириде көлдүн экологиялык баалуулугуна абдан чоң маани берилет.

"Шаардын инфратүзүмүн пландоодо, иштеп чыгууда, дегеле ар бир деталын карап чыгууда айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык туруктуулук жаатындагы ченемдер жана стандарттардын толугу менен сакталышын тыкыр көзөмөлүбүзгө алабыз.

Ошол эле сууну пайдаланууда, ошол эле таштандыларды чыгарууда, ошол эле жылытуу системасында дүйнөдөгү акылдуу шаарлардын эң мыкты тажрыйбаларын пайдаланабыз", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий