• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин Францияга болгон иш сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 11.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Париж шаарына (Франция Республикасы) болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен Елисей сарайында Франциянын Президенти Эммануэль Макрондун атынан мамлекет башчылары жана биринчи айымдар үчүн кабыл алуусуна катышты.

Сапардын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун имаратында Уюмдун Башкы директору Одрэ Азуле менен жолугушуп, Кыргызстандын мындан ары да ЮНЕСКОнун алдындагы аймактарда активдүү иш алып барууга жана Уюмдун баалуулуктарын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө колдон келген салымын кошууга даяр экендигин тастыктады.

Андан соң Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясында сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды активдүү катышууга жана тоо экосистемаларын сактоо үчүн өзүнүн конкреттүү милдеттенмелерин киргизүүгө чакырды.

Андан кийин Мамлекет башчы дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүндө операция жүргүзгөн ири мунай-газ компаниясынын өкүлү, "Total Energies Renewables" компаниясынын вице-президенти Фабьен Демоль менен жолугушту.

Садыр Жапаров жемиштүү кызматташууга чакырып, Кыргызстанда ал компаниянын филиалын ачууну сунуштады.
Ошол эле жерде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Total Energies Renewables SA" компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Андан ары "Бир Планета Полярдык Саммитинде" сөз сүйлөп, Мамлекет башчысы мөңгүлөрдү сактоо жолдорун издөө жана суу ресурстарынын пайда болгон зонасын коргоо боюнча кызматташууну бириктирүүгө чакырды.

Күндүн экинчи жарымында Садыр Жапаров эки өлкөнүн 50дөн ашык компаниясынын ишкерлери катышкан биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна катышты.

Андан соң Президент "EDF" компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Люк Ремон менен жолугуп, компанияны Чаткал дарыясына ГЭСти биргелешип курууга жана бул багыттагы иштерди күчөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана аны өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий