• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун Италияга болчу иш сапарынын деталдары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын биринчи жарымында Италияга иш сапары пландалууда. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Ведомстводон кабарлашкандай, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашкан.

undefined

Казакбаев менен Луиджи Ди Майо 8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында жолугушкан.

"Кесиптештер эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Ошондой эле 2022-жылдын биринчи жарымында КР президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөө жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий