• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровго тхэквондо боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго тхэквондо (WTF) боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк тхэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чон менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Чунг Вон Чон өз сөзүндө Бүткүл дүйнөлүк тхэквондо федерациясынын президиуму таэквондо (WTF) боюнча ардактуу 9-данды Садыр Жапаровго ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын билдирген.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий