• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР саламаттык сактоо министринин орун басары – КР башкы мамлекеттик санитардык врачы Улук-Бек Бектурганов, ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматулаев, Жапаркул Ташиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Тийиштүү чечимдерге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечимдер «КР министрлер кабинети жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий