• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги 433 медкызматкерге 3,1 млн сом өлчөмүндө кошумча төлөмдөрдү төлөп берди

Ден соолук 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Саламаттык сактоо министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсептен 433 медицина кызматкерине 3 млн 159 миң сом суммасындагы кошумча төлөмдөр төлөндү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы убакта республика боюнча баштапкы документтерди (кезметчилик ырааттамасы, иштеген күндөрдүн табели, уруксат кагаздары жана буйруктун көчүрмөсү) чогултуу уланууда. Саламаттык сактоо мекемелеринен баштапкы документтердин келишине жараша төлөмдөр эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий