• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Самаркандда Ислам Каримовдун мемориалдык комплекси ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.17 /Кабар/. 2-сентябрда Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун бейитинде мемориалдык комплекс ачылат. Бул тууралуу 28-августта маркум президенттин кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева билдирди.​

Анын айтымында, мемориалдык комплексти куруу боюнча аткарылган иштердин бардыгы тең ЮНЕСКОнун жана Эстеликтер менен ажайып жайларды коргоо боюнча эл аралык кеңештин талаптарына жана сунуштарына жооп берет.

28-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун бейитине барып, комплексти куруу иштерин аяктоо жана андагы шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарын берип кеткен.

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун каза болгондугу тууралуу 2016-жылы 2-сентябрда белгилүү болгон. Ал инсульттан улам 78 жаш курагында көз жумуп, сөөгү Самарканддагы Хазрати Хизр көрүстөнүнө коюлган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий