• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолундагы кар күрткүсү толук тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолундагы кар күрткүсү толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-24-май күндөрү Соң-Көл жана Сөөк жайлоолорунда аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын калыңдыгы кээ бир тилкелерде 30-35 сантиметрге чейин жетип малчыларга кыйынчылык жаралган, ошондой эле Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 29-37-чакырымындагы Калмак ашуусунда болжол менен 15 миң куб метр күрткү пайда болуп, каттамга кыйынчылык жаралган.

Жерине 3 кызматкер, 1 жүктөгүч тартылып, 30-майда унаа жол толугу менен тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий