• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы мекеме-ишканаларга санитардык эрежелердин сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова санэпидкөзөмөлдөө борбору, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен биргеликте санитардык эрежелердин сакталышын, белгиленген талаптардын аткарылышын текшерүүгө алды.

Натыйжада айрым калкты тейлөө борборлорунда кызматкерлер беткап менен антисептикалык каражаттарды колдонуп жатканы белгилүү болду. Бирок жарандар арасында беткап тагуу жагы солгундаган.

Ал эми кээ бир жайларда эрежелер сакталбай, учурдагы кырдаалга байланыштуу коюлган талаптар аткарылган эмес. Мындан улам санитардык талаптарды аткарбаган ишкана жетекчилигине айыппул салынды.

Шаар аймагында COVID-19 илдети менен күрөшүү жана калктын саламаттыгын камсыздоо үчүн алдыда мындай иш-аракеттер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий