• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сауд Аравиядагы автокырсыктан 30дан ашуун зыяратчы каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 17.10.19. / Кабар/. Сауд Аравиядагы автокырсыктан кеминде 36 зыяратчы каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. Ал эми полиция кызматы азырынча 35 адамдын мерт кеткендигин тастыктаган.

«Эр-Рияд» басылмасы белгилегендей, кырсык Мекка жана Медина трассасында болгон. Сауд королдугунда жашаган Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген зыяратчылар кичи хаджга (умрага) автобус менен бара жатышып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан автобус күйүп кеткен.

Автобустун ичинде 40 адам болгон. Алардын төртөө ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий